Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Бейөкмөт уюмдар БУУнун майыптар конвенциясын кабыл алууга чакырат


Бүгүн Бишкекте майыптар менен иштеген бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү БУУнун майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо зарылдыгы тууралуу "тегерек үстөл" өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири, “Инсан Лейлек” коомдук фондунун өкүлү Гүлнара Сейдалиева билдирди. Анын айтымында, конвенция ратификацияланса, майыптардын укуктары жана аларга шарт түзүү боюнча бийликке талап коюуга жол ачылат:

- БУУда майыптар менен иштеген комитет бар. Эгер документ кабыл алынса, кандайдыр бир жардам сурап аларга да кайрылсак болот.

Конвенция 2007-жылы кабыл алынган. Учурда 150дөй өлкөдө документ ратификацияланды. Арасында Казакстан, Беларус, Орусия дагы бар. Кыргызстан 2011-жылы бул эл аралык документке кол койгону менен парламент ратификациялай элек.

Кыргызстанда 160 миңдей майып адам бар. Арасында 20 миңден ашууну балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG