Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Икрамжан Илмиянов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Президент Алмазбек Атамбаев анын ысымына келип түшкөн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставка тууралуу өтүнүчүн карап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Мамлекет башчынын мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов 2011-жылдан бери президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп иштечү.​ Икрамжан Илмияновду өткөн аптада “Вечерний Бишкек” акаевдик-бакиевдик бийлик учурундагыдай башкарууну калыптандыра баштагандардын бири катары мүнөздөгөн эле. Ага чейин да коомчулукта Илмиянов кадрлык маселелерди чечет деген күбүр-шыбыр сөздөр айтылып жүргөн.

Илмияновдун өз арызында ал тууралуу айтылып келе жаткан ар кандай сөздөрдү "жалган каралоо" катары баалаган жана "андайларга чыдаш улам кыйындап баратат, ошондуктан кызматтан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылууга туура келип жатат" деп айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG