Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Освенцимдин “эсепчиси” моралдык күнөөсүн мойнуна алды


Оскар Гренинг сот процессинде. Германия, 21-апрель, 2015.
Оскар Гренинг сот процессинде. Германия, 21-апрель, 2015.

“Эсепчи” деген лакап аты менен белгилүү Освенцим нацисттик лагеринин кызматкери Оскар Гренинг 21-апрелде өткөн соттук угууларда концлагерде жок кылынган 300 миңдей Мажарстандык жөөттүн өлүмү үчүн моралдык күнөөсү бардыгын мойнуна алды. Бирок ал “геноцидге тикелей катыштыгым жок” деп кошумчалады.

93-жаштагы Гренинг 1944-жылдын май-июнь айларында газ камераларында өлтүрүлгөн жөөттөр жөнүндө кабары бар экенин айтып, соттон кечирим сурады.

Сот Германиянын түндүгүндөгү Люнебург шаарында өтүп жатат. Ага Холокостту башынан кечиргендер жана нацисттердин лагеринде курман болгондордун жакындары биригип, жетимиштей адам катышууда.

“Освенцимдин эсепчиси” катары таанылган Оскар Гренинг ал кезде жөөттөрдөн тартып алынган кийимдерди сорттоо жана акчаларды саноо менен алектенчү.

Бул соттук процесс Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы нацистик кылмышкердин үстүнөн өтүп жаткан акыркы процесс болуп калышы мүмкүндүгү айтылууда.

1941-1945-жылдары Освенцим түрмөсүндө 1,3 млн. киши, анын ичинде миллиондон ашуун еврей жок кылынган.

XS
SM
MD
LG