Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Берлинде орус-тажик кинорежиссеру Худойназаров көз жумду


Бахтиер Худойназаров. 2013-жыл, Орусия.
Бахтиер Худойназаров. 2013-жыл, Орусия.

Германиянын баш калаасы Берлиндеги ооруканалардын биринде узакка созулган оорудан кийин орус-тажик кинорежиссеру Бахтиер Худойназаров көз жумду.

Орус жана немис актерлору Чулпан Хаматова жана Мориц Бляйбтрой тартылган атактуу “Айдан келген ата” (1999-жыл) кинотасмасынын автору Бахтиер Худойназаров 1965-жылы Душанбеде жарык дүйнөгө келген.

Ал 1989-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктап, ошол бойдон Орусияда иштеп калган.

Худойназаровдун чыгармачылык карьерасы студент кезинде дипломдук иш катары Тажикистанда тарткан “Байке” тасмасынан башталган.

Бул тасма Европада жана Орусияда бир катар сыйлыктарга татыган. Режиссердун “Кош-ба-кош” деп аталган экинчи тасмасы 1993-жылы Венеция фестивалында “Күмүш арстан” сыйлыгын алган.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Худойназаров Германияда жашап келген.

XS
SM
MD
LG