Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Осмонкулов: "Кыргызтелеком" жамааты директорлор кеңешиндеги оюндарга каршы


“Кыргызтелекомдун” эмгек жамааты директорлор кеңешиндеги оюндарга каршы. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” акционердик коомунун кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Жеңиш Осмонкулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 24-апрелде өтө турган акционерлердин жыйынына чейин директорлор кеңешинин төрагасы Талгат Жолдошев менен мүчөсү Мирбек Мурзабеков анын жаңы курамына кайрадан кирүү үчүн башкармалыкты бекиттирүүгө аракет кылууда. Мына ошондуктан учурда курамы болгону эки гана адамдан турган директорлор кеңеши 20-апрелде Мамлекеттик мүлк фондуна Акылбек Түгөлбаев баштаган мурдагы эле кадрларды кайрадан башкармалыкка сунуштаган.

Буга чейин “Кыргызтелекомдун” башкармалыгы директорлор кеңешинин саясатына макул болбой, каршылык иретинде кызматынан кеткен. Эмгек жамаатынын атынан таратылган кесиптик кошуундар уюмунун билдирүүсүндө "директорлор кеңешиндеги мындай “оюндардын” артында Мирбек Мурзабеков турат жана ал өзүнүн эски өнөктөштөрүн башкармалыкка алып келүү менен директорлор кеңешинин курамын сактап калууга аракеттенүүдө" - деп айтылат. Мына ошондуктан “Кыргызтелекомдун” кесиптик кошуундар уюму Мамлекеттик мүлк фондунан директорлор кеңеши сунуштаган талапкерлердин тизмесин башкармалыкка бекитпөө талабы менен чыкты.

Бул билдирүүгө карата “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши жооп бере элек. Кеңеш төрагасы Талгат Жолдошев жана мүчөсү Мирбек Мурзабеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (KJ)

XS
SM
MD
LG