Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Президент Калыкбек Султановдун отставкасын кабыл алды


Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановдун кызматтан кетүү боюнча арызын президент Алмазбек Атамбаев канааттандырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы бүгүн дайын болгон. Азырынча анын себептери белгилсиз. Бирок бул күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн.

Калыкбек Султанов министрлик кызматты 2011-жылдын декабрынан бери аркалап келген. Аны бул кызматка “Ата Мекен” партиясы көрсөткөн. Ал өлкөдөгү ири курулуш компанияларынын бири “Авангард стилдин” кожоюну экени белгилүү.(BkA)

XS
SM
MD
LG