Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Ошто оппозиционерлер сабалды, Асанов менен Кадыров дайынсыз жок


Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн кечки саат 9 чамасында оппозиция мүчөлөрү Ошто Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер кирип келип, кол салышкан. Дастарконду чачып, оппозиционерлерге кол көтөрүп, кийим-кечелерин тытып салышкан.

Төлөгөн Келдибековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кол салгандар УОКтун саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишкен, кайда алып кеткени белгисиз. Дайынсыздардын катарында Асановдун жансакчысы да бар.

Учурда милиция келип, окуя болгон жерде иштеп жатышат.

Оппозиционерлер отурган үй Оштогу шаардык милициянын имаратынан 100 метрдей, Шаардык кайгуул-күзөт кызматынын имаратынан 50 метрдей аралыкта, бир көчөдө жайгашкан.

УОК 11-апрелде Жалал-Абадда Элдик курултай өткөрүүгө даярданып жаткан.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG