Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Сурабалдиевадан пара талап кылган кызматкер 5 жылга кесилди


“Кудайберген” унаа базарынын ээсинен пара талап кылган өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди кечээ Жогорку Сот кабыл алды.

Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун Кудуяровду 2 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу тууралуу буга чейинки чечимин жокко чыгарып, ал сот залынан камакка алынды. Нургалы Кудаяров 2014-жылы май айында “Кудайберген” базарынын жетекчиси Элвира Сурабалдиевадан пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал параны базардагы орундардын ижара акысын көтөрүү маселесин чечип берүүнү убада кылган үчүн талап кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG