Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Киевде чет өлкөлүк журналистке кол салуу болду


Киевде Жаңы Зеландиядан келген журналист Жаред Морганды белгисиз адамдар сабап кетишти. Мээси чайкалган абалда журналист Киевдин шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Кабарларга караганда, журналистке белгисиз үч киши үйүнүн жанында кол салган. Алар Морган телефон менен англис тилинде сүйлөшүп жатканын угуп калып, Украинада эмне максат менен жүргөнүнө кызыгышкан. Журналист Украинаны жакшы көрөрүн, Майдан менен сыймыктанарын айтар замат сабап салышкан.

Жаред Морган Киевде 2011-жылдан бери жашайт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG