Ишембиге караган түнү Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясында отурган соттолуучу качып кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти кабарлады.
Мунарада күзөттө тургандар соттолуучунун качып баратканын көрүп калып, эскертүү бергенден кийин асманга ок аткан.
Качууга аракет жасаган соттолуучу 31 жашта. Ал уурулук үчүн 7 жылга эркинен ажыратылган. (ZMa)