Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө


Өзбекстанда бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6да добуш берүү участоктору ачылып, өлкө президентин шайлоо башталды.

Өзбекстандын БШКсы берген маалыматка караганда, шайлоочулардын тизмесине 20 миллион 798 миң 52 жаран кирген.

Президенттик кызмат үчүн төрт талапкер ат салышууда. Алар: азыркы президент - Либерал-демократиялык партиянын лидери Ислам Каримов, Элдик-демократиялык партиядан Хатамжон Кетмонов, "Адолат" Социал-демократиялык партиядан Наримон Умаров жана "Кайра жаралуу" Демократиялык-улуттук партиядан Акмал Саидов. Бир дагы партия оппозициялык деп эсептелбейт.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча 20:00дө аяктайт. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 33% катышса, ал өттү деп таанылат.

Буга чейинки президенттик шайлоо 2007-жылы өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча жети жылга мамлекеттик башчы болуп Ислам Каримов шайланган. Ал республиканы 1989-жылдан бери башкарып келатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG