Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Германия менен Франция кыйраган учактын себептерин иликтөөдө


Андреас Лубиц
Андреас Лубиц

Germanwings компаниясына тиешелүү кырсыкка учураган лайнердин экинчи пилотунун үйүн тинтүүдө психикалык ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектер табылды. Тергөөчүлөр бул дарылар учкуч Андреас Лубиц оорулуу болгонунан кабар берерин айтышууда. Бул тууралуу Welt am Sonntag гезити жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда 27 жаштагы учкуч бир нече невролог жана психиатрларда дарыланып жүргөн. Тергөөчүлөр Лубицтин үйүндө табылган жеке күндөлүгү анын депрессияга кабылганынан кабар берет деп эсептешүүдө.

25-мартта Франциянын түштүгүндө учак кырсыкка кабылып, ичиндеги 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү мерт кеткен.

Germanwings компаниясы 1997-жылы негизделген. 2009-жылы Lufthansa аттуу ири немис авикомпаниясынын курамына кирген. Компания 110 багытта: Европа жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө каттамдарды жүргүзүп келет. Бул компания Испанияда эс алууну жактырган немис туристтеринин арасында өзгөчө популярдуу болуп келген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG