Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:57

“Домодедоводо” кармалган кыргызстандыктар артка кайтарылат


Москвадагы “Домодедово” аэропортунда бир суткадан бери кармалып отурган кыргызстандык беш аял мекенине кайра кайтарылат. Алардын бири Бишкекке учуп кетти, төртөө түнкү каттам менен келет.

Кыргыз жарандарын аэропорттун көзөмөл кызматы “кара тизмеде” болгондуктан Орусияга киргизбей койгонун Москвадагы кыргыз элчилигинен кабарлашты. Бул боюнча элчиликтин эки консулу аэропорттун күзөт кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

26-мартта түнкү саат 23:30да Бишкектен Москвага учуп барган учактан түшкөн беш аялды көзөмөл пунктундагылар аэропорттогу текшерүүчү бөлмөгө камап койгон.

Элчилик Орусияга келип жаткан кыргызстандыктарды “кара тизмеде” бар же жок экенин жакшылап териштирип алуусу зарыл экенин эскерет. (SE)

XS
SM
MD
LG