Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Улуттук банктын жанында пикет өтүп жатат


Бишкекте Улуттук банктын имаратынын жанына бүгүн аялдар тобу нааразылык акциясына чыкты. Алар коммерциялык банктардан насыя алып, доллардын кымбатташына байланыштуу татаал кырдаалга тушукканын айтып жатышат. Акцияга чыккандар валюта базарын көзөмөлдөөнү жана сомдун кунун бир калыпта сактоону талап кылууда.

Азырынча Улуттук банктан эч ким чыгып алар менен жолуга элек.

Кыргызстанда коммерциялык банктардын көбү насыяны доллар менен берет. Доллар кымбаттаган сайын насыя алгандардын төлөмү да ашат.

Ушул тапта 1 АКШ доллары 65 сомго чейин көтөрүлгөн. Банкка карызы барлардан көбү насыяны курс 48-50 сом учурунда алганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG