Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

4-мартка карата аба ырайы


3-марттан 5-мартка чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265- чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-чакырымдары), Каракол-Эңгилчек (45-90-чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт (284-295 км, 300-308 км, 353-355-чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары, Кара-Көө ашуусу), Миң-Куш-Арал (1-19-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Алай өрөөнүндө бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 3...2, күндүз 8...13;

Талас жергесинде түнкүсүн - 4...1, күндүз 7...12;

Баткен облусунда түнкүсүн - 2...3, күндүз 9...14;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7;

Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -0...-5.

4-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 градус сууктан…1 градус жылуулукка чейин, күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG