Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Украина: Конституцияны өзгөртүү боюнча комиссия түзүлдү


Украинанын президенти Петро Порошенко өлкө Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча конституциялык комиссия түздү. Бул тууралуу Порошенконун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган комиссияга өлкөдөгү ар кыл саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү адистер кирмекчи.

Конституциялык реформанын алкагында сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетишүү, коррупцияга каршы реформаларды жүргүзүү жана башкаруу системасы децентрализациялоого багытталган. Ошол эле учурда украин президенти Конституциялык реформа өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бекемдеши керектигин белгиледи.

Ал эми Украинанын чыгышындагы аймактарга “өзгөчө макам” берүү маселеси 12-февралда Минскиде жетишилген келишимде да көрсөтүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG