Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Казакстан күйүүчү май жүктөлгөн вагондор үчүн 13 млн. доллар талап кылууда


Казакстандын “Кулан” жана “Луговое” темир жол бекеттеринде 11 айдан бери кармалып турган күйүүчү май вагондору үчүн коңшу өлкө 13 млн. доллар талап кылууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын “Нефтетрейдерлер” бирикмесинин башчысы Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, казак прокуратурасы аталган вагондорго козголгон иште кылмыштын белгиси жок болгондуктан өндүрүштөн кыскарткан. Бирок “Казакстан темир жолу” ишканасы 11 айдан бери кармалып турган вагондор үчүн 13 млн. доллар айып пул төлөнүшүн талап кылууда.

Кыргызстанга ташылып келаткан 446 цистерна күйүүчү май өткөн жылдын 14-апрелинен бери “Кулан” жана “Луговая” темир жол бекеттериндеги бажы өтмөгүндө “декларация нормаларын бузду” деген жүйө менен кармалып турат. Андан бери 41 вагон өткөрүлгөн. Кармалып турган майдын жалпы көлөмү 25 миң тоннаны түзөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG