Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Борис Немцовдун өлүмү боюнча иликтөө уланууда


Борис Немцов
Борис Немцов

Орусиянын Тергөө комитети оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча тергөөнү улантып жатат. Аталган комитеттин расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, учурда бардык күбөлөр суралып, бир нече экспертиза жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү кармала элек.

Окуя болгон учурда Немцовдун жанында болгон украиналык Анна Дурицкая көрсөтмө берип, дүйшөмбү кечинде Киевге учуп кетти. Маркиндин айтымында, ал тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Учурда тергөөчүлөр саясий чагым, экстремисттердин өч алуусу, Украинадагы окуяларга жана саясатчынын жеке жашоосуна байланыштуу деген версияларды карап жатышат.

Ал бийликчил “Известия” гезити укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып, Немцовду Украинанын атайын кызматтары жана чечен согушкерлери өлтүрүшү мүмкүн экенин жазып чыкты. Гезиттин божомолунда, оппозициялык саясатчыга чечен согушкери Адам Осмаев менен анын аялы, Украинадагы Майдандын активисти Амина Окуева кол салышы мүмкүн. Осмаева буга чейин орус президенти Владимир Путинге кол салууга шектелип жаткан. Ал акыркы учурда Донбасстагы согуштук аракеттерге катышып жүргөнү кабарланган.

Белгилүү оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 28-феврал түнү ортосунда Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Ал орус президенти Путиндин сынчысы катары таанылган эле. 55 жаштагы Немцовдун сөөгү бүгүн Москвада Троекуров көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG