Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Керри Лавровго Украина боюнча эскертүү жасады


Жон Керри Женевадагы басма сөз жыйында. 2-март, 2015-жыл.
Жон Керри Женевадагы басма сөз жыйында. 2-март, 2015-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Женевада, БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйыны учурунда жолуккан соң билдиргендей, эгер Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишимдери ишке ашпаса, Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилет.

Керринин айтымында, ал Лавровго 12-февралда Минскте кол коюлган келишимди Орусия жана ал колдогон жикчилер аткаруусу керектигин айткан.

- Биздин үмүттөнгөнүбүз - келишим алдыдагы күндөрдө эмес, сааттарда толук ишке ашырылуусу.

Ок атышууну токтотуу келишимине 12-февралда кол коюлганы менен жикчилер Дебальцево шаарчасын ээлөө үчүн адегенде анын шарттарын аткаруудан баш тартышкан эле.

АКШ Мамлекеттик катчысы Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, ок атышууну токтотуу режими баардык стратегиялык аймактарда, анын ичинде Дебальцеводо жана өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн Мариуполдун айланасында да сакталуусу керек.

Эгер мындай болбосо, Орусиянын ансыз деле кыйналып жаткан экономикасына зыян тийгизе турган жаңы кесепеттер болот. (UE)

XS
SM
MD
LG