Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Тажик парламентине жергеталдык кыргыз экинчи ирет депутат болуп шайланды


Бул тууралуу Тажикстандын төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган Олимжон Сафаров “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, ал мурдагы чакырылышта да эл өкүлү болуп иштеген.

54 жаштагы Сафаров этникалык кыргыздар байырлаган Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. Ал президент Эмомали Рахмондун партиясына мүчө.

Кечээ тажик парламентинин төмөнкү палтасына шайлоо өткөн. Анда президент Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы 65,2% добуш менен жеңишке жетишти. Добуш берүүгө болсо катталган шайлоочулардын 87,7% келди. Парламентке бул ирет Агрардык партия, Экономикалык реформа партиясы, биринчи ирет Социалисттик партия дагы кирди. (UEz)

XS
SM
MD
LG