Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

АКШ мамлекеттик катчысы менен орус тышкы иштер министри жолукту


Сергей Лавров жана Жон Керри. Женева, 2-март, 2015-жыл.
Сергей Лавров жана Жон Керри. Женева, 2-март, 2015-жыл.

Жон Керри менен Сергей Лавровдун бул жолку сүйлөшүүлөрү украин кризисинен улам мамиле чыңалып тургандан тышкары, Кремлдин сынчысы Борис Немцов Москвада атып өлтүрүлгөн учурга туш келди.

Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйыны учурундагы кыска жолугушуудан кийин Керри Лавров менен Украина, Сирия жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим маселесин “ачык талкуулаганын” маалымдады.

АКШ мамлекеттик катчысы кечээ Орусияны Немцовдун өлтүрүлүшүн “кылдат, ачык –айкын жана реалдуу иликтөөгө” чакырган.

Акыркы бир нече жылдан бери орус президенти Путиндин саясатын, анын ичинде Украина боюнча аракеттерин кескин сындап келген Немцов Москванын чок ортосунда, 27-февралдын түнүндө атып өлтүрүлгөн эле. Кечээ Орусия борборунда миңдеген адам аны эскерүү жүрүшүнө чыгышты. (UE)

XS
SM
MD
LG