Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

3-мартка карата аба ырайы


2-марттан 5-мартка чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150 чакырымдары), Каракол-Эңгилчек (45-90 чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт (284-295 км, 300-308 км, 353-355 чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу), Миң-Куш-Арал (1-19 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр болот.

3-мартта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1…6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 6...11,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүз 8...13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6,

3-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG