Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Украинадагы урушта өлгөндөр саны алты миңден ашты


Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейндин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, акыркы апталарда Донецктин аэропорту жанындагы жана Дебальцево шаарчасындагы уруш учурунда эле жүздөгөн жөн-жай тургундар жана аскер кызматчылардын өмүрү кыйылган.

Москва четке какканы менен баяндамада «ишеним жараткан маалыматтар былтыр декабрдан бери Орусиядан жикчилдерге чет элдик согушкерлер жана оор курал-жарак такай өтүп турганын көргөзүүдө», - деп жазылган.

Жикчилдер февралдын ортосунда Дебальцевону ээлегенден бери Украинанын чыгышында уруштун басаңдашы Германия жана Франция ортомчулук кылган, 12-февралда Минскте кол коюлган ок атышууну токтотуу келишими ишке ашабы деген үмүттөрдү жаратты. (UE)

XS
SM
MD
LG