Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Тажикстандагы шайлоодо бийликтеги партия жеңди


Душанбеде добуштарды саноо учуру. 1-март, 2015-жыл.
Душанбеде добуштарды саноо учуру. 1-март, 2015-жыл.

Кечээги добуш берүүнүн жыйынтыгында Тажикстан көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери биринчи ирет Ислам кайра жаралуу партиясы жана Коммунисттик партия парламентке кириш үчүн талап кылынган 5 пайыздык чектен өтө албай калды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиён бүгүн жарыялагандай, президент Эмомали Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы 65,2% добуш менен жеңишке жетишти. Добуш берүүгө болсо катталган шайлоочулардын 87,7% келди.

Парламентке бул ирет ошондой эле Агрардык партия, Экономикалык реформа партиясы, биринчи ирет Социалисттик партия дагы кирүүдө.

Коммунисттик партиянын лидери Шоди Шабдолов шайлоо жыйынтыгын «саясий фарс» деп атады, бирок жыйынтыкты расмий талашуунун маңызы жоктугун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG