Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореяга нааразыланып, эки ракета атты


Түндүк Корея ракета аткан учур. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Түндүк Корея ракета аткан учур. 1-ноябрь, 2013-жыл.

Кыска аралыкка жетүүчү ракеталар АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен жылдык аскерий машыгуусу башталардан бир нече саат алдыда атылды. Түштүк Кореянын коргоо министрлгинин өкүлү Ким Мин Сок окуяны “провакация” деп атады.

Буга чейин Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореянын бүгүн башталып жаткан аскерий машыгууларын согушка даярдык катары кескин айыптаган. Мындан улам армия Башкы штабынын өкүлү билдиргендей, Вашингтон менен Сеул "айоосуз соккуга" кабылышы керек.

Түндүк Корея өзүнүн жээктеринде кыска аралыкка учуучу ракеталарын утур-утуп сынап турат.

Улуттар уюму Пхеньянга каршы баллистикалык ракета технологияларын колдонууга тыюу салган санкция киргизген. (UE)

XS
SM
MD
LG