Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Эшек эти боюнча окуяны териштирүү үчүн коомдук комиссия түзүлдү


Сокулук районунун Манас айылында эшек союлган касапкананын жанында бүгүн ондогон жарандык активисттер нааразылык акциясын өткөрдү. Алар бул маселени дыкат иликтөөнү бийликтен суранып, 15 кишиден турган коомдук комиссия түзүштү.

Демилгелүү топ райондук бийлик түзгөн комиссия менен бирге иликтөө иштерине катышмакчы. Бул тууралуу акимчиликтин өкүлдөрүнө маалымдалып, макулдук алынды.

Акцияга чыккандар союлган эшек этин коомчулуктун көзүнчө өрттөп жок кылууну талап кылышты.

24-февралда журналисттер аталган айылдагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок бул иш менен алектенген “Кайтал” ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашев эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Анын айтымында, эшек эти Solax trading LTD түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан.

Такырбашевдин билдиргенине караганда, 20-январдан бери 605 эшек союлуп, эт муздаткычта сакталып турат. (SE)

XS
SM
MD
LG