Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Оштун тургуну “жихадга” даярданып жүргөнүн айтты


Шектүү жарандан алынган курал жана ок-дарылардын айрымдары. Сүрөт Ош ШИИБдан алынды.
Шектүү жарандан алынган курал жана ок-дарылардын айрымдары. Сүрөт Ош ШИИБдан алынды.

Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы” уюмунун мүчөсү деп шектелген 26 жаштагы жарандын Оштогу үйүнөн ок атуучу куралдар, диний үгүттөр жазылган дисктер жана баракчалар табылды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү жаран “Иж-27” жана Reck үлгүсүндөгү куралдарды ок-дарылары менен сактап жүргөнү аныкталды. Экспертиза куралдардын баарын “пайдаланууга жарактуу” деп тапты.

Кармалган жаран милиция кызматкерлерине аймакта жихад жасоо ниетинде жүргөнүн билдирген. Шектүүгө куралдарды Кара-Суу районунун тургуну сатканы такталды. Иликтөө уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG