Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Мамытов: Кумтөр боюнча юридикалык маселе чечиле элек


Кумтөрдөгү ишкана.
Кумтөрдөгү ишкана.

Кумтөр долбоору боюнча кыргыз өкмөтү жана "Центерра голд" жетекчилиги менен төрт күнгө созулган сүйлөшүү жыйынтыкталды. Тараптар каржы-экономикалык, экологиялык жана юридикалык багытта сүйлөштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, негизги маселе болуп юридикалык багыт каралды.

- Мурдагыларга салыштырмалуу бул жолку сүйлөшүү жакшы болду. Каржы-экономикалык, экологиялык маселелер боюнча суроолорду өкмөт “Центеррага” кабыргасынан коюп, бир тобу чечилди.Ошол эле учурда бир аз юридикалык маселелер турат. Ал деле чечилет болушу керек, – деди Мамытов.

Кумтөр долбоору боюнча "Центерранын" жетекчилиги, Кыргызстандын чет элдеги юридикалык, каржылык жана экологиялык консультанттары менен сүйлөшүү Бишкекте 27-январда башталган. Кийинки сүйлөшүү февралда Москвада болот.

Буга чейин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” курган маегинде “Центерра голд” Кыргызстан тарапка экологиялык дооматтардан баш тартуу, коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иштерди токтотуу талабын коюп жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (КE)

XS
SM
MD
LG