Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу «башка өлкөлөрдүн аскердик үстөмдүгүнө жол бербөө» тууралуу президент Путиндин тапшырмасы «кынтыксыз» аткарыларын билдирди. Коргоо министрлигинин бүгүнкү жыйынында Шойгу «Орусиянын чек араларына жакын аймактардагы «согуштук-саясий» кырдаалга байланыштуу өлкө «стратегиялык аймактардагы" куралдуу күчтөрүн бекемдей тургандыгын бышыктады. Мында сөз Украина жөнүндө болуп жатабы, же министр дагы кайсы коңшу өлкөлөрдү айтып жаткандыгы анык эмес.