Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Ош аэропортундагы карактоого шектүүлөр кармалды


Ош аэропртунун сырткы көрүнүшү.
Ош аэропртунун сырткы көрүнүшү.

Ош эл аралык аэропортунан беш миллион доллардан ашуун акчаны карактоо жолу менен алып кеткендер Бишкек шаарынан колго түшкөнү тууралуу күч органдары кабарлады. Алар канча адам экени, кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалымат толук айтыла элек.

Эртең, 30-январда Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Ош аймактык башкармалыгынын жетекчиси журналисттерге жыйын куруп, бул боюнча кеңири маалымат бермекчи.

Өткөн жылдын 27-декабрында беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар аэропорттун VIP залынан бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кеткен. Уурдалган адамдын колундагы баштыктарда 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болгон. Кийин акчанын суммасы 10 миллион доллардан ашуун экени айтылган. Ички иштер министри Мелис Турганбаев өткөн жума соңунда кылмыш иши жакын арада ачыларын билдирген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG