Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Ош мэриясы четтен дарыланууга муктаж журналистке жардам берди


Исманали Муратов жубайы менен.
Исманали Муратов жубайы менен.

Альвеококкоз дарты менен ооруп, боорун чет өлкөдө алмаштырууга муктаж болуп жаткан "Марал FM" радиосунун Оштогу кабарчысы Исманали Муратовго Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 100 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

- Ушундай кыйын күнгө кабылганда бири-бирибизге жардам сунушубуз керек. Учурдан пайдаланып колунда бар бардык жарандарга кайрылат элем, биргеликте жардам берсек. Ал эми мэрия тарабынан көрсөтүлүп жаткан бүгүнкү жардам башталышы гана. Жакынкы күндөрү Ош шаарында чоң жыйын болот, ошондо бардык мекеме, ишканаларга жардам берүүсүн суранып өтөйүн. Ал эми жубайына жасаган дарыгерлердин шалаакылыгы боюнча маселени жеке көзөмөлүмө алам, - деди мэр Кадырбаев.

Ош шаарынын тургуну И. Муратов боорундагы альвеококкоз оорусуна байланыштуу чет өлкөдө боорун 80 миң долларга алмаштыруу керек. Ошондой эле жубайы Мехригүл Саитова да боюндагы эгиз балдарын операция жолу менен алгандыгына байланыштуу эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн төбүлөккө ажыраган.

Исманалынын достору операцияга акча чогултуу максатында #IsmanLife акциясын өткөрүшүүдө. Алар буга чейин Ош шаарынын «Жапалак» унаа базарында кофе, чай жана токоч сатып, 30 миңдей, кийин калаадагы базарларда аккордеон менен ырдап 60 миң сомдой каражат топтошкон. Эми алар Ош шаарындагы унаа тетиктери жана мал базарларда да акция өткөрүп, февралда Ошто жана Бишкекте концерт уюштурмак болууда. Акыркы маалымат боюнча, жалпысынан 8 миң доллардай каражат топтолду.

Исманалинин банктын эсеби: KICB BANK Муратов Исманали KGS 1280116013081812 USD1280116013258331 RUB1280116016359196 Же 2015 кыска номерине Билайн оператору аркылуу Ысман деп смс жазса 25 сом которулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG