Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

УКМК жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан коррупциялык схема тапты


Бишкек мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасындагы коррупциялык схема аныкталды. УКМКнын билдиришинче, ишкана жетекчилиги “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу менен тендер өткөрбөй туруп 21 млн. 500 миң сомго транспорттук жабдууларды сатып алган. Буга байланыштуу жасалма документтер колдонулганы аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш кодексинин 171, 221, 350-беренелери (ишенип берген каражатты мыйзамсыз коротуу же ээлеп алуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документтерди жасоо жана колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG