Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Standard&Poor's Орусиянын рейтингин эң төмөнкү баскычка түшүрдү


Москва.
Москва.

Standard&Poor's эл аралык рейтинг агенттиги Орусиянын кредиттик көрсөткүчүн эң төмөнкү баскычка түшүрдү. Орусия бул жылы инвестициялык деп саналган ВВВ деңгээлинен спекулятивдик же “таштанды баскыч” делген "ВВ+" деңгээлине төмөндөдү. Орусия үчүн бул баскыч акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Мындай жыйынтык Орусиядагы акча-кредиттик саясаттын акыркы кездеги туруксуздугунан улам келип чыкты.

Буга чейин Fitch эл аралык рейтингдик агенттиги Орусиянын кредиттик рейтингин ВВВ деңгээлине түшүргөн эле. Дүйнөдө көпчүлүк инвесторлор бул агенттиктер түзгөн көрсөткүчкө маани беришет.

XS
SM
MD
LG