Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Испанияда учак кырсыгынан 10 адам мерт кетти


Испаниянын түштүк чыгышындагы аскердик базада реактивдүү учак кырсыкка учурап, кеминде 10 адам мерт кетти. Дагы 13 адам жараат алды. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Грециянын аскер күчтөрүнө таандык эки кишилик F-16 үлгүсүндөгү реактивдүү учак машыгуу учурунда башка учак менен кагышкан. Маалымат каражаттары учактардын бири туура эмес маневр жасаганын жазып чыгышты. Кырсыкка кабылган учкучтар мерт кетти.

XS
SM
MD
LG