Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

УКМК Ошто Сирияда машыгуудан өткөн дагы бир топ кармалганын жар салды


Тинтүү маалында табылган буюм-тайымдар. (УКМКнын сүрөтү)
Тинтүү маалында табылган буюм-тайымдар. (УКМКнын сүрөтү)

Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ош облусунда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген топ кармалды. Кармалган алты адамдын төртөө Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун лагерлеринде аскерий окуудан өткөн. Алар куралдуу кол салып, колунда бар адамдардын үйүн тартып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Үйүн тинтүү маалында курал-жарак, ок-дары, бет кап, фонарик, бычак жана машинанын эки мамлекеттик номери табылган. Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350, 375, 28-375-беренелерине ылайык (жасалма документтерди, сыйлык, мөөр жасоо жана аларды колдонуу, кол салуу, жалданмачы) кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына камалды. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG