Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Абитуриенттердин тегерегиндеги чуу боюнча маалымат угулат


Эртең Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда 2014-жылы мамлекеттик жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун жана өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы угулат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылдын май айында Билим берүү жана илим министрлигинин, кыргыз-орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козгогон. Буга былтыр 24 абитуриент аталган окуу жайдын медицина факультетине мыйзамсыз кабыл алынган деген доомат негиз болгон.

Медицина академиясынын ректору Аширалы Зурдинов баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда гранттык комиссиянын чечимине негизделген билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйругун аткарганын "Азаттыкка" айткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG