Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

"Курманжан датка" телеканалдан февралда көрсөтүлүшү мүмкүн


"Курманжан датка" тасмасынан бир көрүнүш
"Курманжан датка" тасмасынан бир көрүнүш

Бул тууралуу "Азаттыкка" тасманын продюсерлеринин бири Фархат Бекмамбетов билдирди. Анын айтымында, тасма жалпы кыргызстандыктарга коомдук каналдан 23-февралда, же 8-мартта көрсөтүлөт.

Төрт күн мурда “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасы каракчылык жол менен интернет желелерине жайылып кетпегенде бул тасманы 31-августта көрсөтүү пландалып жаткан. Продюсердин айтканына караганда, тарыхый тасманын каракчылардын колуна түшүшү фильмдин тагдырына балта чапты. Эми тасманын эл аралык абройлуу кинофестивалдарга катышуусу да кыйын. Келишимдерге ылайык, чет өлкөгө сатыла турган тасма каракчылар аркылуу таратылбаш керек.

"Учурда тасма каракчылык жол менен кайсы кинотеатрдан тараганы боюнча шектенүү бар. Бирок иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу кайсы кинотеатр шектелип жатканын айта албайм", - деди Бекмамбетов.

"Курманжан датка" бардык региондордо 20-декабрга чейин төрт миңдей жолу көрсөтүлгөн. Бул убакта жалпы жонунан отуз миллион, салык, кинотеатр ижарасын чыгарып салганда мамлекетке 10 милион сом киреше алып келген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG