Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Мариуполду аткылагандарга каршы атайын операция уланууда


Украинанын президенти Петр Порошенко Мариуполду аткылагандарга каршы атайын операция жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Порошенконун Сауд Аравиясына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүдө айтылат.

"Бул кылмышты жасагандарды жоопко тартууга багытталган атайын операция алгачкы мүнөттөрдө эле башталган. Мамлекеттик жана күч ведомстволору терактта жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүүдө. Биз суверенитетти жана мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн болгон аракетибизди жасайбыз жана террорчуларга украин жеринде башаламандык уюштурууга жол бербейбиз", - деди президент.

Украинанын президенти Тышкы иштер министрлигине БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумуна даярдык көрүүнү тапшырды.

Кечээ Петр Порошенко АКШнын вице-президенти Жо Байден, Европа кеңешинин президенти Дональд Туск жана Еврокомиссиянын вице-президенти Федерика Моегрини менен телефон аркылуу сүйлөштү. (ZMa)

XS
SM
MD
LG