Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Кызылча оорусунун вакцинасы жетиштүү


Азыркы тапта өлкөдө күчөп жаткан кызылча оорусуна карата эмдөөгө керектүү вакциналар жетиштүү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов билдирди.

Дарыгердин айтымында, азыр аталган борбордун кампасында 48 миң 300 доза кызылчага каршы вакцина бар.

“Өткөн жумада эле Каржы министрлиги тарабынан акча которулуп, кошумча дагы 840 миң доза вакцина алынды. Бул вакциналар 15-февралга чейин өлкөгө алынып келинет. 10 жаштан 19 жашка чейинки бардык өспүрүмдөрдү эмдөө иши пландалууда. Жыл соңуна чейин 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын баарын эмдегенге жетиштүү вакцина бар”, - деди Жолдош Калилов. (BCh)

XS
SM
MD
LG