Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

"Центерранын" жетекчилиги Бишкекке келет


Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 27-январда Кыргызстанга "Центерранын" жетекчилиги келет. Бул тууралуу "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Ошондой эле Сарпашев эртең Кыргызстандын консультанттары келээрин кошумчалады.

Өткөн жылдын соңунда жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, Тайырбек Сарпашев сүйлөшүүлөр январдын соңуна калганын айткан.

"Биз сүйлөшүүлөрдүн баары 2014-жылдын декабрь айында жыйынтыкталат деп күткөнбүз. Кыргызстанга "Центерранын" жетекчилиги жана биздин консультанттар келген. Бирок ошол учурда 20 суроо боюнча ача пикир жаралган. Биз 2013-жылы кол коюлган меморандумдун алкагынан чыккан жокпуз жана экинчи тарап да ошол документтин негизинде иш жүргузүүсүн талап кылабыз. Ушул тапта 11 суроо боюнча мунасага келип, 9 пунктту талкуулашыбыз керек. Экологиялык маселелер, калдыктар жана башка маселелер боюнча пикир келишпестик бар", - деген эле Сарпашев.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG