Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Чек арадагы атышуудан бир адам жаракат алды


Кечээ, 18-январда Ала-Бука районундагы «Көк-Серек» чек ара тозотунда ок атылып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын үч жараны аңчылык кылып жүрүп, чек араны мыйзамсыз бузуп өтүшкөн. Алар кыргыз чек арачыларынын куралдарын тапшырып, колго түшүп берүү талабын аткаруунун ордуна чек арачыларга ок атышкан. Натыйжада эки тарап атыша кетип, аңчылардын бири жарадар болгон. Калган экөө окуя болгон жерден качып баратканда Өзбекстандын чек ара тилкесинен өзбек чек арачыларынын колуна түшкөн.

Мурда жетишилген келишимдерге ылайык, жарадар болгон өзбек жаранына медициналык жардам көрсөтүлүп, тартылып алынган үч куралы менен кошо өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди. (МТо)

XS
SM
MD
LG