Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

23-декабрга карата аба ырайы


23-декабрда өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус жылуу;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…3;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекти ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG