Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Кумтөр боюнча өндүрүштүк, каржылык маселелер 80 пайызга чечилди


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Мындай маалыматты “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, канадалыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдө “Кумтөрдүн” өндүрүштүк, каржылык маселелери 80 пайызга чечилген.

- “Кыргызалтын” өзүнө тиешелүү маселелердин дээрлик бардыгын чечти. Сүйлөшүүлөр дагы уланат. Бирок пикир келишпей жаткан юридикалык маселелерди өкмөт чечиши керек. Бул биздин компетенцияга кирбейт, - деди Мамытов.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындан мурдараак канадалыктар кыргыз өкмөтү көнбөй турган юридикалык талаптарды коюп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Атамбаев да Кумтөрдү улутташтыруудан башка жол калбаганын айтып келет.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы үч күндүк сүйлөшүүүлөр 19-декабрда аяктаган. Сүйлөшүү DLA Piper эл аралык укуктук компаниясынын Москвадагы кеңсесинде телекөпүрө форматында өткөн.

Жогорку Кеңеш быйыл жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган. Кийинчерээк анын мөөнөтүн 1-мартка чейин узартууну парламенттен суранган. (UEz)

XS
SM
MD
LG