Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Бишкекте Кубанычбек Маликовго эстелик тургузулду


Акын, драматург Кубанычбек Маликовдун эстелиги Бишкектин Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине тургузулду. Эстеликтин бет ачарына маданият министри Алтынбек Максүтов баштаган маданият өкүлдөрү, мурдагы калаа башчысы Иса Өмүркулов сыяктуу саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Кыргыз эл акыны 1947-1978-жылдары эстелиги коюлган жерден анча алыс эмес, тагыраагы Эркиндик бульварындагы №7 үйдө жашаган.

Кубанычбек Маликов Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында 1911-жылы 16-сентябрда туулуп, 1978-жылы дүйнө менен кош айтышкан. Анын көптөгөн ыр жыйнактары, поэмалары жана драмалары эл ичинде белгилүү. (UEz)

XS
SM
MD
LG