Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Латвия “Манас” банкы боюнча маселени козгоду


Латвия “Манас” банкы боюнча Париж сотунун чечимин аткарып, 16,5 миллион доллар төлөп берүү маселесин козгоду. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өткөн аптада бул өлкөгө сапары учурунда сөз болгон. Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы кабарга караганда, Абдылдаев кыргыз тарап “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарарын, учурда өкмөт иштеп жатканын билдирген.

24-октябрда Париждеги арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион доллар доого жыккан. Белоконь 2010-жылдагы Апрель окуясынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугум бузулду деп даттанган.

Латвиянын жараны Валерий Белоконь мурунку президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин ишкердиктеги өнөктөшү катары белгилүү болчу. Ал Бакиев бийликте турган кезде Бишкекте “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы Апрел окуясынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекетке алып, тыштан башкаруучу киргизген эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG