Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Навальныйдын өкүмү 15-январда угузулат


Ага-ини Навальныйлар сотто, Москва, 19-декабрь, 2014
Ага-ини Навальныйлар сотто, Москва, 19-декабрь, 2014

Прокурорлор оппозициянын активисти Алексей Навальныйды 10 жылга эркинен ажыратууну сурашты. Алексей бир тууганы Олег экөө жалган документтерди пайдаланып, Франциянын “Ив Роше” косметикалык компаниясынан 27 миллион рубль (450 000 доллар) уурдап алган деп соттолууда. Айыптоочулар Навальныйдын бир тууганын сегиз жылга эркинен ажыратууну сурашты. Алексей Навальныйдын адвокаты Кирил Полозов айыптоолорду тастыктаган далилдер жок экенин айтып, ага-инини актоону талап кылды.

"Үй-бүлө мүчөлөрүм менин саясий ишмердигиме байланыштуу барымтага алынып жатканы абдан өкүнүчтүү жана жан кейитет. Буга карабай алардын мени колдогонуна ыраазымын. Мен мурдагы ишмердигимден баш тартпайм," - деди Навальный Замоскворецкий райондук сотунан чыгып баратып.

Сот өкүмдү 15-январда угуза тургандыгы жарыялады.

Коррупциянын келишпес сынчысы Алексей Навальный буга чейин “Кировлес” ишканасындагы уурулук фактылары боюнча беш жылга шарттуу соттолгон.

XS
SM
MD
LG