Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Лукашенко менен Назарбаев Украинага барат


Нурсултан Назарбаев менен Александр Лукашенко
Нурсултан Назарбаев менен Александр Лукашенко

Беларус менен Казакстандын президенттери эмки жумада Киевга барып, Украинанын президенти Петро Порошенко менен жолугушат. Жума күнү Александр Лукашенко Киевге 21-декабрда барарын шардана кылды жана бейшемби күнү кечинде Порошенко менен телефон баарлашуусунда Минск сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасын өткөрүүдө украин өкмөтү үчүн эч кандай тоскоолдук жок экенин түшүнгөн.

19-декабрда казак президентинин басма сөз кызматы Назарбаев украин жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Киевге 22-декабрда барарын билдирди. Казакстан жана Беларус Орусия менен кошо Бажы биримдигине кирет. Бирок эки өлкө Батыш Орусияга жарыялаган санкциялар алардын экономикасына келтирген зыянга кыжалат. Лукашенко менен Назарбаев 23-декабрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына катышат.

XS
SM
MD
LG