Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Султан Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы берилет


Султан Ибраимов 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген.
Султан Ибраимов 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңеш депутаттары белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовго жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын ыйгаруу боюнча токтом кабыл алды. Бул демилгени депутаттар Каныбек Иманалиев менен Каныбек Осмоналиев көтөргөн. Парламенттин 17-декабрь күнкү жыйынында сунуш эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Султан Ибраимов 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Расмий маалыматтар боюнча, аны 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG