Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Обама Куба менен алакада жаңы баскычты жарыялады


Барак Обама менен Рауль Кастро Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Манделанын тажиясында кол алышкан. 10-декабрь, 2013-жыл.
Барак Обама менен Рауль Кастро Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Манделанын тажиясында кол алышкан. 10-декабрь, 2013-жыл.

АКШ президенти бул тууралуу 17-декабрда Ак үйдөн жасаган билдирүүсүндө жарыялады:

- Бүгүн Америка Кошмо Штаттары Кубанын эли менен мамилесин өзгөртөт. Биздин элүү жылдан ашкан саясатыбыздагы эң ири өзгөрүү -ондогон жылдардан бери кызыкчылыктарыбызды алга жылдыра албаган эски мамилени токтотобуз. Мунун ордуна биздин эки мамлекет ортосундагы алака-катышты нормалдаштырууну баштайбыз. Бул өзгөрүүлөр аркылуу биз америкалыктар жана кубалыктар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү, Америка мамлекеттери ортосунда жаңы бапты (глава) баштоону көздөйбүз.

АКШ президенти Мамлекеттик катчы Жон Керриге Куба менен 1961-жылдын январында үзүлгөн дипломатиялык мамилени кайра орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тезинен баштоого көрсөтмө бергенин кошумчалады.

Кубага карата жаңы саясаттын алкагында Гаванада АКШнын элчилиги кайра ачылуусу керек, Вашингтон Кубага киргизилген соода эмбаргосун алуу багытында да кадам жасайт.

Барак Обамага тушташ Кубанын президенти Рауль Кастро Гаванадан жасаган билдирүүсүндө эки өлкө дипломатиялык алаканы калыбына келтирүүнү макулдашканын ырастады.

Мындай жарыя жасалардан бир күн алдында эки өлкө президенттери телефондон 45 мүнөтчө сүйлөшкөн. Бул АКШ жана Куба лидерлеринин 1961-жылдан берки алгачкы маңыздуу сүйлөшүүсү болду.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Жон Бонер Обаманын Куба боюнча кадамын сындап, “диктатура алдындагы маңызсыз чегинүүлөрдүн узун сызыгындагылардын дагы бири”, - деп атады.

Шаршемби күнкү жарыя алдында Куба АКШ жараны Алан Гроссту абактан чыгарды.

АКШ да жооп иретинде тыңчылык үчүн соттолгон үч кубалыкты бошоткону кабарланууда.

65 жаштагы Гросс абакта беш жыл олтурду. Ал 2009-жылы декабрда кармалып, тыюу салынган технологияны импорттогон, кубалык жөөттөр үчүн интернет байланышын жашыруун орнотуп берүүгө аракеттенген деген айып менен 15 жылга кесилген.

АКШ менен Кубанын алакасы 1959-жылкы ыңкылапта бийликке Фидель Кастро келгенден кийин бузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG