Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Бир нече судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев бир катар жергиликтүү соттордун судьяларын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратуранын кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнүн негизинде Аскар Сүйүнбаев Аламүдүн райондук сотунун судьялыгынан бошотулду. Ошондой эле өз арызынын негизинде Талас шаардык сотунун судьясы Анарбек Конгайтиев, Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьялары Раимжан Нурматов жана Муратбек Орозбеков кызматтан алынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG